Жаңылыктар
«Ильшат» коомдук фонду медициналык мекемелерге 5 тез жардам унаасын берди
Кыргызстан жаңылыктары
«Ильшат» коомдук фонду медициналык мекемелерге 5 тез жардам унаасын берди

«Ильшат» коомдук фонду жалпы баасы 10 150 000 млн сом болгон 5 тез жардам унаасын медициналык мекемелерге берди.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров өлкө үчүн оор мезгилде жарандар, ыктыярчылар жана медицина кызматкерлери коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүп жатканын белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өз ден-соолугун тобокелге салып, мекендештеринин өмүрү үчүн күрөшүп жаткан дарыгерлерибизге ыраазычылык билдирем. Алар эл-жерге жана өлкөгө кызмат кылуунун чыныгы үлгүсүн көрсөтүштү. Медицина кызматкерлерине ыктыярчылар талыкпай жардам беришти. Аларга да ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин эмгегиңиздердин аркасы менен кырдаалды жөнгө сала алдык», - деди вице-премьер-министр.

Белгилей кетсек, «Ильшат» коомдук фонду COVID-19 пандемиясы маалында активдүү иш жүргүздү.

Белгиленген мөөнөттө чогултулган каражаттар атайы автотранспорт, медикаменттер, жеке коргонуу каражаттары, медициналык жабдуулар, ошондой эле республиканын жети облусундагы жана ири шаарлардагы дарыгерлер жана калкты тамак-аш продуктулары менен камсыздоого багытталган.