«Ал үчүн Баткен шаарында жайгашкан мурдагы облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүп, жугуштуу оорулар ооруканасына ыңгайлаштырылат. Оорукананын курулуш иштери үчүн мамлекет тарабынан 12 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Учурда жумуш башталып, бир айлык мөөнөттө курулушту бүткөрүү аракети көрүлүп жатат», - деп билдирди Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов.