Кыргызстандын эл аралык туруктуу авиарейстери азырынча жандандырылбайт. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев кабарлады.
Маалыматка ылайык, 29-июлда Кыргызстан 4 өлкө менен ави каттамдарын ачмак (Турция, Казакстан, Россия жана БАЭ). Бирок бүгүн, 3-августта бул өлкөлөр авиа каттамдарды жандандыруудан баш тартышты.
«1-августта үч мамлекет менен каттамдар ачылды. Алар Улуу Британия, Турция жана Танзания. Калган өлкөлөр боюнча маселе 15 күндөн кийин чечилет», — деп түшүндүрдү Акышев.