Бугун, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" эксклюзивдуу маек куруп, бир топ маселелерге токтолду.
Суроо: "Өлкөдөгү айрым укук коргоочулар жакында эле кайтыш болгон Азимжан Аскаров боюнча билдирүүлөрдү жасашты, бул маселеге ар кыл өңүттө мамиле кылгандар бар..."
Президент: "Бул иш 2010-жылдан тартып Кыргызстандын элинин, дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп келди. Соттун ар кандай инстанцияларына эки тарап тең кайрылып жатты. Эл аралык норма дагы сакталды. Кыргызстанда мыйзам үстөмдүк кылыш керек. Ал эми мен сот чечимдерин комментарий кылганым туура эмес болуп калат.
Азыркы пандемия шартында, тилекке каршы, көптөгөн жарандарыбыз каза болушту. Ушул айт күндөрү, жакындарын жоготкон жарандарыбызга, ким болбосун, дагы бир жолу, баарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жараткан Кудай жерибизге тынчтык, элибизге жакшылыктарды берсин деп тилейм. Ушул апаатты дүйнө эли менен бирдикте жеңели. Ар бир үйгө жакшылыктарды, ийгиликтерди каалайм",- деди президент.