Бишкек шаарына Беларусь Республикасынан атайын каттам менен коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн керектүү дары каражаттарынан турган жүк келди. Жалпы салмагы 5,4 тонна болгон дары-каражаттары Минсктен Премьер-министр Кубатбек Боронов Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн учуп барган учак менен жеткирилди.
Бул аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогору болуп жаткан суроо-талапты канааттандыруу максатында ата мекендик фармацевтикалык компанияларга дары каражаттарын алып келүүгө көмөк көрсөттү. Бул дары-дармектер калкка жеткиликтүү баада сатылат.