Жаңылыктар
Жер которуштуруунун айдоого пайдасы
Кыргызстан жаңылыктары
Жер которуштуруунун айдоого пайдасы

Таластын айрым дыйкандары жердин асылдуулугун сактап калуу үчүн которуштуруп айдоо ыкмасын жакшы өздөштүрүүдө. Дубандагылар дээрлик 10-15 жылдан бери бир гана төө буурчак айдоо менен чектелип келген. Тынчсызданган адистер талаа ээлеринге кеңеш берип, жер которуштуруу ыкмасы акырындык менен колго алынууда. Аймактагы кабарчыбыз бышыкчылыкка даяр турган буудай талааларына күбө болгон.

Бул сеңселип турган буудай талаасы былтыр көп жылдык чөп, андан аркы жылы төө буурчак айдалган талаа болчу. Дал ушундай жер которуштуруу жолу менен түшүмдүүлүктү арттырып, жер кыртышынын асылдуулугун сактап калуу аракети максат кылынган. Дыйканчылык чарбадагылар адам боюна жетип калган бул буудай сабактары, бир карышча дан алып, бышыкчылыкта жакшы түшүм берет деп ниет кылышууда. 

Бул дыйкан чарбага тиешелүү 15 гектар айдоо жер бар. Анда буудай менен катар эле, жылда төө буурчак, көп жылдык чөп дагы айдалат. Болгону орун которуштуруп айдоо ыкмасы менен ар биринен ойдогудай түшүм алынып келет. 

Кара-Буура районунда жалпы 35 миңден ашуун гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлүүдө. Былтыркыга салыштырмалуу 345 гектарга арбын айдоо жер иштетилип жатат. Белгилей кетсек, райондо дан эгин талаасын арбыткан дыйкан чарбалардын жаңылануусу байкалат.