Тамчы - Корумду жолун куруу кайрадан жанданды. Тендер чырына байланыштуу бул каттамды салуу иши убактылуу токтоп турган. Эми жолчулар кайрадан ишке чыкты. Учурда жолдогу көпүрөлөр жасалууда.
Тамчыдан Корумдуга чейинки жолдун ар кайсы жери казылып, кээ бир айылдарды көлдү жээктеп айланып өтүүгө туура келет. Айрымдарга жер казылган бойдон калгандай, бирин-экин гана киши иштеп жаткандай сезилет. Көрсө, жолчулар көпүрөлөрдүн ичинде иштеп жаткан экен.
Май айы жаанчыл болуп, жол курууга ыңгайсыздык жаратты. Мындан улам, аба-ырайы бузулуп турган чакта жолго керектүү материалдар беленделүүдө.
Асфальтка чейинки катмарына керектүү материалдарды каза турган карьер Бает айылынын четинде жайгашкан. Азыр жаан жаап турган чакта негизги техникалар ошол жактага ишке тартылган.
Асфальтка керектүү материалдар болсо башка карьерде даярдалууда.