Жаңылыктар
Декабрь айынын аягына чейин электрондук билет системасы ишке кирет
Кыргызстан жаңылыктары
Декабрь айынын аягына чейин электрондук билет системасы ишке кирет

Декабрдын аягына чейин пилоттук негизде электрондук билет системасы ишке кирет. Бишкектин коомдук транспортуна электрондук билеттерди кабыл алган жабдууларды орнотуу аяктап калды. 

Мэриянын маалыматына ылайык, адистер автобустар менен троллейбустарга 140ка жакын валидаторду койду. Дагы 240 жабдуу жакынкы арада муниципалдык транспорт ишканаларына жеткирилет. Электрондук билеттер почта бөлүмдөрүндө, уюлдук операторлордун кеңселеринде жана тармактык дүкөндөрдө сатыла баштайт. Окуучуларга өздөрү окуган мектептен берилет. Электрондук билет системасына мобилдик тиркеме дагы ишке кирет. 

 Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.