Жаңырган жылдан баштап, шаар тургундары муниципалдык коомдук транспорттордо атайын төлөм карталарын пайдалана алышат. Бул жаңы система “Электрондук билет” долбоорунун негизинде ишке ашууда. Учурда жыйырма муниципалдык транспортто төлөм карталары үчүн атайын орнотмолор жайгаштырылды.
Курманбек Челмамбетов №14 троллейбустун айдоочусу. Ал күн сайын таңкы саат беш жарымда рулга отуруп иштеп келгенине 25 жыл болду. Айтымында, анын жумушу өзгөчө кылдатткты талап кылат. Анткени ал жүргүнчүлөрдү бара турган жерине аман-эсен жеткириши керек. Жаңы долбоор ишке ашса, жумушу бир кыйла жеңилдейт.