1-сентябрдан баштап Бишкектин коомдук транспортторунун биринде же №8 автобуста электрондук билет колдонула баштайт. Борбордо ишке аша турган бул долбоор азырынча сыноо ыргагында иштейт.
Ал эми декабрь айынан тартып баардык коомдук транспортко атайын жабдуу орнотулуп, электрондук билет колдонулат. Жүргүнчүлөр бул максатта атайын карталарды пайдаланышат.
Долбоор Швейцария инвестору менен мамлекеттик жеке өнөктөштүктө ишке ашырылууда. Ал эми аймактарда дагы үч Калкты тейлөө борборлору ачылганы турат.
Чүй облусуна караган айылдардан тартып, шаардын көп бөлүгүн аралаган №8 автобуста сентябрь айынан тартып электрондук билет колдонула баштайт. Азыр коомдук транспортко каттоо карталарын тааный турган жабдуу орнотулду.
Каттоо карталарын жарандар атайын сатып алышы керек. Бул үчүн шаарда сатуу түйүндөрү ачылат. Карталар бир жолку эмес, каражат салып колдоно берсе болот. Ал эми коомдук траспорттун кызматын акысыз колдонгон пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын тизмеси алынды. Аларга өзүнчө каттоо карталары даярдалып берилет. Экинчи баскычта шаардагы 400 даана автобус, троллейбустарга жабдуу орнотулуп, электрондук билет колдонула баштайт.