Абдымомунов көчөсүнүн Исанов жана Тоголок Молдо менен кесилишкен тилкеси убактылуу жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Жолдун бул тилкесинде суу, жылуулук жана агынды суу тутумун оңдоо иштери жүргүзүлөт жана 10-октябрга чейин созулат.
Ремонт иштери аяктаган соң, жол тилкесинин асфальты калыбына келтирилет.
"Бишкектин жол түйүндөрүн өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында Абдымомунов көчөсүнүн Манас проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки тилкесин реконструкциялоо каралган.