Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкекте 16 көчө жабык. "Бишкек шаарынын жолдорун оңдоо жана кайра куруу" долбоорунун алкагында төмөнкү көчөлөр реконструкцияланып жатат:
Лермонтов көчөсү, Чүй проспектисинен Салиев көчөсүнө чейин (15-сентябрда ачылат)
Достоевский көчөсү, Анкарадан Лев Толстой көчөсүнө чейин (30-сентябрда ачылат)
Кара-Жыгач жаңы конушу, Оберон көчөсү. Анкара көчөсүнөн Лев Толстой жолуна чейин (30-сентябрда ачылат)
Лев Толстой көчөсү, 7-Апрелден Ауэзов көчөсүнө чейин (30-сентябрда ачылат)
Баялинов көчөсү, Махатма Гандиден Исанов көчөсүнө чейин (1-октябрга чейин)
Репин көчөсү, Түштүк магистралдан Күйүкова көчөсүнө чейин (1-октябрда ачылат)
Осмонкул көчөсү, Жибек Жолу проспектисинен Курманжан датка көчөсүнө чейин (2-октябрда ачылат)
Арча-Бешик жаңы конушу, Күйүкова көчөсү. Садыркуловдон Муромск көчөсүнө чейин (2-октябрга чейин)
Тоголок Молдо көчөсү, Жибек Жолу проспектисинен Саадаев көчөсүнө чейин (30-октябрга чейин)
Салтанат көчөсү, Кайназаров көчөсүнөн Патрис Лумумба көчөсүнө чейин (30-октябрга чейин)
Токтоналиев көчөсү, Масалиевден Глиессер көчөсүнө чейин (30-октябрда ачылат)
"Бишкектин жолдорун кайра калыбына келтирүү" долбоорунун негизинде оңдолуп жаткан жолдордун тизмеси:
Чүй проспектиси, 7-Апрель көчөсүнөн Төрөкул Айтматов жолуна чейин (түштүк бөлүгү 15-сентябрда ачылат)
7-Апрель көчөсү, Анкара көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (чыгыш тарап, 15-октябрда ачылат)
Салиева көчөсү, Садовой кууш жолунан Ауэзов көчөсүнө чейин (15-октябрга чейин)
Үмөталиев көчөсү, Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин (15-октябрга чейин)
Садырбаев көчөсү, Семетей жолунан Масалиев көчөсүнө чейин жана Гагарин көчөсүнөн Лев Толстойго чейин (30-октябрда ачылат).