2020-жылдын февраль айынан тарта баланы мектепке кабыл алуу боюнча электрондук каттоо дагы төрт шаарда ишке киргизилет. Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, эми бул кызматты Ош, Жалал-Абад, Токмок жана Кара-Балта шаарларынын тургундары пайдалана алат.
Белгилей кетсек, учурда баланы мектепке электрондук каттоо Бишкек шаарында гана иштейт. Долбоор башталгандан бери 15 миң 700 арыз түшүп, анын ичинен 91 пайызы мектеп жетекчилигине тиешелүү документтерди тапшырып, 1-класска кабыл алынды.
Эске салсак, электрондук каттоого 2019-жылдын 15-февралынан 15-майга чейин убакыт берилген. Бирок министрлик белгиленген убакытта жетишпей калган ата-энелер үчүн каттоо мөөнөтүн 25-августка чейин узартты.