Ош шаарында муниципалдык транспорт электрондук билет тутуму менен жабдылууда. Эми автобустар менен троллейбустарда жол акы электрондук карточка менен алынат.
Учурда пенсионерлер, мектеп окуучулары жана жалпы жүргүнчүлөр үчүн 3 түрдүү 30 миң даана карточка даяр болду. Бул программаны ишке ашыруу үчүн Европа өнүктүрүү банкы каражат бөлгөн.
Жаңы тутум ар бир муниципалдык транспорттун каттамын көзөмөлдөп, маршруттарды оптимизациялоого өбөлгө түзөт. Ал үчүн GPS программасы орнотулуп, тескөөчү борбордо өз убагында маалымат катталып турат. Ош шаарынын жүргүнчү ташуучу муниципалдык бекетинде 30 автобус, 31 троллейбус бар.