“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Муну ырастаган мыйзамга Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Жогорку Кеңеш бул мыйзамды ушул жылдын 24-майында кабыл алган. Ага ылайык Кыргызстанда унааны каттатуунун мөөнөтү узартылды.
Эми унааны мурдагыдай беш күндө эмес, 10 күндүн ичинде каттатып жетишсе болот. Бажыдан жаңы өткөрүп жатканда же алыскы аймактарда унаа алуу маалында убакыттын тартыштыгына байланыштуу унааны каттатуу көйгөйгө айланат. Бул элди нааразы кылуу менен бирге коррупциялык схемаларды күчөтөт.
Мындан улам мыйзам коррупцияны жок кылуу жана унааны өз атына каттатуу жоопкерчилигин күчөтүү максатында иштелип чыкты. Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.