Ишкерлер энергия булактарын үнөмдөөгө өттү. Анын эсебинен өндүрүштү кеңейткен ишкерлер өндүрүш калдыктарынын жаратылышка зыяндуулугун да азайтышууда.
Иш кызып турган тигүү цехтеги аялдардын кийимдери Орусия, Казакстанга экспорттолот. Жумуш суроо-талапка жана мезгилге жараша жүрөт. Сатып алуучулары чет элдиктер болгондуктан өндүрүштү токтотуу мүмкүн эмес. Жумушчулар да жакшы акча алып, жарык, кенен, таза эң башкысы жайдын аптабында салкын жерде иштеп жатышат.
Тигүү цехтин имараты энергияны үнөмдүү пайдалануунун натыйжасында кеңейди. Мурда кышкысын чакан жайды жылытууга бир топ эле көлөмдө көмүр сатып алып, от жагуучу жалдаса, жеңил түзүлүш менен имаратты кеңейтип, сыртын жылуулап, энергияны үнөмдөөчү жабдыктардын жардамы менен каражаты бир топ үнөмдөлүүдө. Ал эмес жаңы тигүү машиналарын сатып алынып, жумушчулардын саны да өстү.
Сокулук районундагы Белогорка капчыгайындагы эс алуу жайлардын бири. Эс алуу жайы дарыянын жээгине абдан жакын жайгашкан. Келген эс алуучулардын саны да арбын. Пайда табуу менен бирге суунун, жер кыртышынын жана абанын сапатына терс таасир тийгизүүнү азайтуу максатында мында агынды сууларды тазалоочу жай салынган.
Чогулган агынды суулар атайын түтүкчөлөр менен ушул жайга топтолуп, 3 түр менен тазаланат. Сууну тазалоо автоматташтырылган түзүмдө жүрөт. Бактериялардан арылган сууну тиричиликке пайдаланууга болот. Бирок мында суу кенен болгондуктан жер астына сиңип кетет.
Бул жерде 55 гектар жерди ээлеген алма көчөттөрү. Алар келерки жылы түшүм бере баштайт. Сугат суунун жетишсиздиги келечекте алынуучу түшүмгө түз таасир этет. Суу тартыштыгын жоюу максатында тамчылатып сугаруучу заманбап тутум орнотулган. Бактын баш жагына чогулган жасалма суу сактагычтагы суу убакыт сааты менен түтүкчөлөр аркылуу көчөттөргө жетип турат.