Чүй облусуна караштуу Кара-Жыгач айылынын жашоочулары ичүүчү таза сууга муктаж. Кудуктан чыккан ылай сууну ичип тажаган тургундар биздин каналга кайрылышкан. Он жылдан бери уланып келе жаткан мындагылардын көйгөйүн биздин чыгармачыл топ угуп келди.
Беш миңден ашык адам жашаган Кара-Жыгач айылындагыларды таза суу менен камсыз кылуу үчүн Суу чарба департаменти тарабынан өткөрүлгөн тендердин негизинде 78 миллион бөлүнгөн. Эми ал каражат таза суу таңсыктыгын жоюу үчүн пайдаланылат.