Жаңылыктар
Жогорку соттун үч судьясына кылмыш иши козголду
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку соттун үч судьясына кылмыш иши козголду

Жогорку соттун үч судьясына кылмыш иши козголду. Алар "адамды камакта мыйзамсыз кармап турушкан" деп айыпталууда. Бул тууралуу  “Биринчи радиого” Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын жетекчиси билдирди. 

Башкы көзөмөл органы үч судьядан сырткары Жогорку Соттун аппаратынын, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын кызмат адамдарына да кылмыш ишин козгогон. Анда камактагы адамдын конституциялык укугу бузулганы айтылууда. 

Буга көрсөтүлгөн иш боюнча тиешелүү органдар юридикалык баа берет деген пикирин Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева бүгүн, 3-июлда маалымат жыйында билдирди. Ал кайсы үч судьяга кылмыш иши козголгонун так айта албай тургандыгында белгиледи.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"