Нарын шаарын өнүктүрүү максатында мамлекет тарабынан бөлүнгөн 250 миллион сом каражат шаар казынасына которулуп берилди. Бул тууралуу бүгүн аталган шаардын бийлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, түшкөн каражатты натыйжалуу пайдалануу менен максат кылынган долбоорлорду ишке ашыруу аракеттери дароо эле башталды.
"Нарын шаарынын инфратүзүмүн жакшыртууга, коомдук актуалдуу көйгөйлөрдү жөнгө салууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн Президентибиз Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге Нарын шаарынын элинин атынан терең ыраазычылык билдиребиз!",- деп айтылат шаар бийлиги тараткан маалыматта.
УКМК төрагасы буга чейин Нарын шаарындагы иш сапарында шаарды өнүктүрүүгө кошумча колдоо ирээтинде 250 миллион сом бөлүнөрүн айткан.
Бул каражат шаардагы коомдук транспорт маселесин чечүү үчүн күйүүчү май менен жүрө турган автобустарды алууга, чарба мекемелеринин техникалык базасын заманбап чыңдоого жана Нарын дарыясынын түндүк тарабына "Жээк" аллеясынын уландысын салууга жумшалат.
Мындан тышкары калааны өнүктүрүүгө Президенттик фонддон бөлүнгөн 807 миллион сом каражатка “Нарын реновация” долбоорунун алкагында куруу пландалган коомдук мончонун, балдар оюн аянтынын, исскуство, маданият жана инновациялар борборунун курулушу жүрүп, автобекеттин имараты реконструкцияланат.