Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Ленин районунда өткөргөн көчмө жыйындын жүрүшүндө «Равза» кафесинин кызматкерлери шаарды көрктөндүрүү боюнча эрежелерди сактабагандыгы аныкталды.
Ага чектеш аймакта антисанитардык абал аныкталып, мындан тышкары таштандыларды уруксат берилбеген жерге ыргытуу фактысы катталган. Окуя болгон жерде бак-дарактардын тамыр системасы бетондолуп, уруксат берилбеген жерге жарнамалар илингендиги аныкталган.
Жеке ишкер К.О.Эге карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114, 115-беренесинин 1-бөлүгү, 179-беренесинин 2-бөлүгү жана 107-беренесинин 3-бөлүгү менен протоколдор түзүлдү.
Юридикалык жакка жалпы суммасы 52 000 сом айып салынып, кызматкерлер да бузууларды жоюуга жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын сактоого милдеттендирилди.
Жерди пайдалануу боюнча мыйзам бузуулар аныкталып, андан соң Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери демонтаждоо иштерин жүргүзө башташты.
Бишкек шаарын боюнча мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.