Талас облусунун башчысы Эрмат Жумаевдин демилгеси менен 2024-2025-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн жетиштүү упай алган таластык бүтүрүүчүлөргө И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Ал үчүн абитуриенттер медициналык академиянын онлайн сынагына катышууга тийиш. Сынак 2025-жылдын болжолдуу 1-10-июль күндөрү Билим берүү жана илим министрлигинин 2020.edu.gov.kg расмий сайтында ачылат.
Сынактан ийгиликтүү өткөн абитуриенттер И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшыруу үчүн – Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен медициналык академиянын жана абитуриенттин ата-энесинин ортосунда үч тараптуу келишим түзүлүп, окууга кабыл алынат. Ошондой эле аталган программага медициналык академияда учурда окуп жаткан студенттер да катыша алат.
Долбоорго ылайык абитуриент тараптан келишимдин шарттары толук сакталган учурда келишимдик төлөм толугу менен "Альянс Алтын" өнүктүрүү фондусу тарабынан төлөнөт.
Келишимге ылайык, окууну аяктагандан соӊ дарыгер Талас облусунун аймагындагы мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелеринде беш жылдык мөөнөткө иштөөгө милдеттүү.
герде студент келишимдин шарттарын сактабай окуусун таштаган учурда же Талас облусунун аймагындагы мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштөөдөн баш тартса студенттин билим алуусу үчүн жумшалган каражат инфляцияны эске алуу менен үч эселеп кайтарылат.