Жаңылыктар
Нарын - Баетов жолунун Ак-Кыя айылындагы бөлүгүн быйыл күзүндө бүтүрүү болжолдонууда
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын - Баетов жолунун Ак-Кыя айылындагы бөлүгүн быйыл күзүндө бүтүрүү болжолдонууда

Нарын - Баетов жолунун 8-13-чакырым аралыгын октябрь айында бүткөрүү пландалууда. Бул аралыктын жалпы узундугу беш чакырымды түзүп, ага Ак-Кыя да кирет. Бул тилкедеги курулуш 2023-жылы июнда башталган.

Жолду Транспорт жана коммуникация министрлигине тиешелүү N1 Жол куруу башкармалыгы курууда. Башкармалыктын инженери Кубат Осмоналиев учурда жолдун 700 метринде гана жолдун негизи жасалганын билдирип, калганында жер жумуштары жүрүп жатканын кошумчалады. Анын айтымында, асфальт-бетон даяр болгону менен жолдун негизине төшөлүүчү "бейс" материалы Сары-Ой (Пионер) айылына коюлган министрликке тиешелүү асфальт-бетон заводунун таш майдалоочу цехинен ташылып жатат. Ал жакка барып-келүү 170 чакырымды түзгөндүктөн жумуштун ыкчам жүрүшүнө кедерги болууда. Жол курууда 12 техника, 25 жумушчу иштеп жатат.

Бүгүн, 1-июлда иштин жүрүшүн дубан башчы Нурбек Сатаров көрүп, айтылган маселе боюнча сунуш берүү менен ишти ыкчамдатууну тапшырды.

Ошондой эле ал аталган жолдун 33-чакырымына салынып жаткан узундугу 72 метрди түзгөн көпүрөнүн курулушун көрдү.