Нарын-Баетов жолунун 84-115-чакырым аралыгын, тагыраагы 31 чакырымын Кытайдын "Чайна Рейлвей" компаниясы салууда. Учурда жолдун бул тилкесинин беш чакырымында эски асфальт алынып, туурасы 10 метрге кеңейтилип, жер жумуштары жүрүп жатат.
Облус башчысы Нурбек Сатаров Ак-Талаа районуна болгон иш сапар алкагында жолдун курулушунан маалымат алып, иштин жүрүшүн көрдү.
Аталган компаниянын өкүлү Юнус Гынлей азыркы күндө 30 техника менен 50дөй жумушчу иштеп жатканын, бир ай аралыгында асфальт төшөлөөрүн айтып, дагы 20 жумушчу келээрин кошумчалады. Анын айтуусунда, техникалар жетиштүү. Райондук бийлик зарыл болгон шарттарды түзүп, жол курууга тиешелүү маселелерди чечип берген.
Жолдун курулушу апрель айында башталган, күз айларында бүтүрүү пландалууда. Ал эми ушул эле жолдун 5 чакырымы тагыраагы 115-120-чакырымы Транспорт жана коммуникация министрлигинин N1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан салынууда. Бул тилкенин 3 чакырымына асфальт басылган. Эки чакырымында жолдун негизи жасалууда.