13–17-июнь күндөрү Дубайда өткөн өспүрүмдөрдүн англис тили боюнча JEO эл аралык олимпиадасында кыргызстандык Жоодар Талантбеков эки медалга ээ болду.
Ал жалпы 18 мамлекеттен келген 70 окуучунун арасынан озуп чыгып, алтын медаль жана эң жогорку жетишкендиги үчүн “Даймонд” (алмаз) медалы менен сыйланды.
Жоодар — Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектептин окуучусу. Ал беш жылдан бери Нарындан 35 чакырым алыстагы Оттук айылынан шаарга каттап, англис тилин Upper-Intermediate деңгээлине чейин өздөштүргөн.