Тоолуу аймактарда сел жүрөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, 20-июндан 22-июнга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.