Жаңылыктар
Жогорку Кеңеште калктын жана бизнестин салык жүгүн жеңилдетүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңеште калктын жана бизнестин салык жүгүн жеңилдетүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды

Бүгүн, 2025-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктык түйшүгүн азайтууга багытталган мыйзам долбоору кабыл алынды.

Мыйзам долбоору төмөнкү чараларды камтыйт:

Салыктык карыздарды эсептен чыгаруу:

• 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилиндеги салыктык карыздар;

• 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилдеги транспорт каражаттарына төлөнүүчү мүлк салыгы боюнча;

Салык жеңилдиктерин жана бошотууларды киргизүү:

• транспорт салыгын жокко чыгаруу;

• айыл чарба жерлерине каралган салык жеңилдиктери;

• 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилине уюмду жоюуда жана жеке ишкердикти токтотууда пландан тышкаркы текшерүүлөрдү кошпогондо, салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу;

• салыктык карызы бар салык жарандардын чет өлкөгө чыгуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү;

• соода иши менен алектенген жеке ишкерлер үчүн патенттик салык салуу системасын киргизүү.

Бирдиктүү салык боюнча өзгөртүүлөр:

• 0,5 % өлчөмүндөгү ставка менен иштеген соода субъекттери үчүн жылдык кирешенин босогосун 30 млн сомдон 50 млн сомго чейин көбөйтүү;

• зергер буюмдарын өндүрүүчүлөр жана сатуучулар үчүн 0,25% өлчөмүндөгү ставканы белгилөө;

• товарларды жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттерге сатууда 4% өлчөмүндөгү ставка;

• 0,1% жана 1% өлчөмүндөгү ставкаларды жоюу.

Төмөнкүлөрдүн дарегине товарларды сатууда сатуудан алынуучу салыктын ставкаларын белгилөө:

• товарларды сатууда бирдиктүү салыкты (0% жана 0,5%) колдонгон жана патенттин негизинде иштеген субъекттерге:

o  накталай эсептешүүдө – 2%;

o накталай эмес эсептешүүдө – 1%;

o жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттерге сатууда 2%ды түзөт.

Мындан тышкары, "салык төлөөчүнүн рейтинги" институтун киргизүү сунушталууда, ал салыктарды ак ниеттүү төлөөгө дем берүүгө жана атаандаштык чөйрөнү түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мыйзам долбоору ишкердикти колдоо жана экономиканы чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарында белгиленген стратегиялык милдеттерди ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.