Жаңылыктар
Баткенде жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

УКМК Мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүндө "Кызыл-Бел-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан, жалпы аянты 8,05 Га, мурда жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылганын билдирди. 

Маалыматка караганда, 1988-жылы Баткен районундагы "Агроөнөржайэнерго" ишканасына айыл чарба муктаждыктары үчүн 10 гектар жер бөлүнгөн. Андан кийин, 1996-жылы ишкана "Баткенайылэнерго" ЖЧКсы болуп кайра түзүлүп, мүлктүк комплекстин жана жер участогунун бааланган наркы 267 миң 556 сом болуп бекитилген. 2009-жылдан 2022-жылга чейин аталган жер тилкеси "Баткенайылэнерго" ЖЧК директору тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип, коммерциялык багытка трансформацияланган.

Ошентип тергөө алдындагы текшерүү процессинде менчик ээлери ыктыярдуу негизде 8,05 Га өлчөмүндөгү жер тилкесин мамлекеттин балансына өткөрүп беришти.