Бул тууралуу Ысык-Көлдө өтүп жаткан киберкоопсуздук боюнча ЖККУнун I эл аралык конференциясында айтылды. Ага уюмга мүчө өлкөлөрдүн министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, КМШ жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун делегаттары, ошондой эле киберкоопсуздук тармагындагы алдыңкы эксперттер менен адистер катышууда.
Жыйында президент Садыр Жапаровдун кайрылуусу айтылды. Анда киберчабуулдар социалдык-экономикалык туруктуулукту бузуп, тышкы басымдын куралы болуп, мамлекеттик институттарга болгон ишенимди азайтуунун куралына айланып бартканы белгиленген. Ошондой эле кибермейкиндик чыр-чатактардын аянтына айланганы, киберчабуулдар барган сайын татаал жана системалуу болуп баратканы, кооптуулуктарга жөн эле жооп бербестен, алдын ала иштеп, санарип коопсуздукту камсыз кылуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу зарыл экени айтылган.
"Кибермейкиндикти коргоодогу жалгыздап жасалган аракеттер жетишсиз болууда. Эл аралык деңгээлде маалымат алмашуусуз, технология жана аналитикасы жок бир дагы мамлекет жогорку деңгээлде уюшулган кылмышкерлердин тобуна толук каршы тура албайт. Бүгүнкү конференция санарип дүйнөнүн тездик менен өнүгүп жаткан шартында өз ара кызматташууну чыңдоонун жаңы этабын көрсөтүп бермекчи. Кибер коопсуздук ар бир мамлекеттин ички маселеси болбой калды. Кыргызстан ЖККУнын алкагында өнөктөштүк байланышты бекемдөөгө олуттуу карап, терең маани берет. Бир мамлекетке келтирилген кооптуулук - бардык өлкөлөрдүн маселеси", - деп айтылат мамлекет башчынын кайрылуусунда.
Ал эми конференцияга катышкан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн жылы Кыргызстанга 5 миллионго жакын киберчабуул жасалып, 71 пайызы ийгиликтүү зыянсыздандырылганын билдирди. Анын айтымында, технологиялык прогресс жаңы мүмкүнчүлүктөр менен катар эле кооптуу тобокелдиктерди алып келүүдө.