Жаңылыктар
Жеке бала бакча уюштурууга 10 миң долларга чейин кайтарымсыз каражат берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Жеке бала бакча уюштурууга 10 миң долларга чейин кайтарымсыз каражат берилет

Өлкөдө "Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор" ишке кирди.  

Долбоор Кыргызстандын 40 районун камтыйт. Ар бир райондон бирден айыл аймак тандалып алынганын аталган долбоордун координатору Майрамбек Баялиев бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Айыл аймактарды тандап алууда калктын саны, райондун борборунан алыстыгы, жакырчылыктын жогорку деңгээли жана мамлекеттен канча көлөмдө дотация алып жатканы эске алынган.

Долбоорго ылайык, тандалып алынган айыл аймактардагы  социалдык инфраструктураны жакшыртууга 450 миң АКШ долларына чейин каражат берилет. Социалдык инфраструктуралык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган 15-20 айылдык аймак да тандалып алынат.  Алар киреше алып келүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 300 миң доллар өлчөмүндө кошумча грант алат.

Улуттук долбоордо жеке бала бакчаларды ачуу маселеси да камтылган. Жеке бала бакчаларды уюштурам деген жарандарга 10 миң долларга чейин кайтарымсыз каражат берүү каралган.  

"Коомчулуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоорду" ишке ашыруу  мөөнөтү 4 жылга белгиленген. Ага жалпы 27 миллион доллар сарпталат.