Жаңылыктар
"Нарын" аба майданынын перрону толук асфальтталды
Кыргызстан жаңылыктары
"Нарын" аба майданынын перрону толук асфальтталды

Нарын районунун Кеңеш айылындагы “Нарын” аэропортунун перрон аянты толугу менен асфальтталды. Курулуш иштерин “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу № 41-Жол тейлөө ишканасы аткарып, жалпы 14 700 чарчы метр перронго асфальттын экинчи катмары төшөлдү. Мындан тышкары 4 миң 300 чарчы метр аң-чөнөктөр түздөлүп, жалпы 19 миң чарчы метр жерге асфальт басылган.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, курулуштун жүрүшү министр Абсаттар Сыргабаевдин жеке көзөмөлүндө болуп, асфальттоо процессине заманбап техникалар тартылды жана материалдар объекттин өзгөчөлүгүнө жараша тандалып колдонулду.

Совет мезгилинде алыскы аймактар үчүн негизги транспорттук түйүн болгон “Нарын” аэропортунун имараты 1964-жылы, ал эми жасалма учуп-конуу тилкеси, башкаруу жолдору жана перрон 1974-жылы ишке берилген. Аба каттамынын азайышы жана жүргүнчүлөрдүн жоктугунан улам аэропорт 1999-жылдан бери иштебей турган.


"Нарын" аэропортун жандандыруу Кыргызстандын аймактык авиациясын өнүктүрүүдөгү стратегиянын бир бөлүгү. Аэропорттун калыбына келтирилиши жергиликтүү туризмди жана экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот. Башка региондор менен түз аба байланышын камсыз кылуу менен тоолуу аймактагы бул аба майдан өлкөнүн транспорт системасынын олуттуу бөлүгүнө айланаары күтүлүүдө.