Жаңылыктар
Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүнө асфальт төшөлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүнө асфальт төшөлүүдө

Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы көчөгө азыр асфальттын биринчи катмары басылды.

Долбоорго ылайык, 2 чакырым 300 метрди түзгөн жолдун туурасы 14.5 метр болот. Жол асфальтталып, эки тараптуу тротуар, ирригация тутуму, жол белгилерин коюу жана түнкү жарыктандыруу долбоор алкагында жасалат. Бул үчүн республикалык бюджеттен 115 миллион сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары 9.5 чакырымды түзгөн калаанын Ленин атындагы борбордук көчөсүндө эски асфальт катмары алынып, жер жумуштары  жүрүп жатат.