Жаңылыктар
Нарында кышкы жылытуу мезгилине даярдык башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында кышкы жылытуу мезгилине даярдык башталды

Нарын шаардык жылуулук берүү муниципалдык мекемеси кышкы жылытуу мезгилине карата даярдык иштерин баштады. 

Мекеме 2025-2026-күз-кыш жылытуу мезгилине карата оңдоо иштери менен кошо көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук тутумуна кошуу иштерин алып барууда.

Ремонт иштери үчүн 24 миллион сом бөлүнөт. Бул каражатка 11 мекеме, 9 көп кабаттуу үй, 88 батир жылуулук тутумуна кошулат. Ошондой эле электр жана көмүр отуну менен жылуулук таратылган отканаларда капиталдык оңдоолор жүрүп, айрым жылуулук түтүктөрдүн көлөмү чоңойтулат.