Жаңылыктар
Жумгал районунда “Мурас” фестивалы өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Жумгал районунда “Мурас” фестивалы өтөт

Ушул жылдын 20-июнунда Нарындын Жумгал районунда “Мурас” фестивалы өтөт. Фестиваль  “Улуттук нарк”, “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик”  уңгужолунун максаттарын ишке ашыруу алкагында уюштурулуп, бир катар маданий иш-чаралар менен коштолот.

Алсак, улуу муундун маданий мурасын, акылмандыгын коомго жайылтуу менен улуттук ыр-күүлөрдү, элдик көркөм өнөрдү муундан-муунга өткөрүүнү максат кылган “Шайыр апалар” жана “Өнөр”, кол өнөрчүлүктүн өзгөчө түрү болгон көлдөлөң жасоо ыкмасын жайылтуу жана жаш уздарга үйрөтүүнү көздөгөн “Көлдөлөң” сынактары өтүп, улуттук буюм-тайымдардын көргөзмөлөрү уюштурулат. Ошондой эле “Көчмөн архитектор” сынагында  көчмөн кыргыз элинин турак жайы болгон боз үйдү туура тигүү жана чечүү ыкмалары көрсөтүлөт. Мындан тышкары “Көчмөн” ашканасы сынагында улуттук тамак-аштар даярдалып, эт тууроо, кесме кесүү боюнча жарыштар өтөт.

“Мурас” фестивалынын максаты - кыргыз элинин жана башка көчмөн элдердин маданий мурасын, каада-салтын, үрп-адатын, кол өнөрчүлүгүн, оозеки чыгармачылыгын жана улуу мурастарын даңазалоо.  Фестиваль маданий туризмди өнүктүрүү, чыгармачыл жамааттардын, кол өнөрчүлөрдүн жана демилгелүү жарандардын башын бириктирип, аймактын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүчү аянтча болот.