Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-19-июнь күндөрү өлкө аймагында күндүн катуу ысый турганы боюнча шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү абанын температурасы акырындык менен жогорулап, катуу ысык аба ырайы байкалышы ыктымал.
Синоптиктердин божомолуна ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын күндүзгү температурасы +39…+41°С чейин, Талас облусунун өрөөнүндө болсо температура +36…+38°С чейин көтөрүлөт.