Жаңылыктар
Эртең калаанын айрым аймактарында суу өчөт
Кыргызстан жаңылыктары
Эртең калаанын айрым аймактарында суу өчөт

Эртең, 17-июнда саат 09:00дөн 20:00гө чейин борбор калаанын айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Суунун токтотулушу авариялык абалды жоюу жана Восток-5 кичи районундагы диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

 Суунун өчүрүлө турган аймактар:
 ▪️ Восток-5 кичи районундагы №23, №24, №25, №26 жана №55 турак үйлөр
 ▪️ Т.Айтматов көчөсүндөгү фаст-фуд объектиси

“Бишкексууканал” ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жарандарды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.