Жаңылыктар
083 медициналык маалымдамасын бир күндө кантип оңой алса болот?
Кыргызстан жаңылыктары
083 медициналык маалымдамасын бир күндө кантип оңой алса болот?

Айдоочулукка талапкерлер үчүн 083/у формасындагы медициналык маалымкатты онлайн форматта алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, эми Кыргызстандын жарандары транспорт каражатын башкарууга жарамдуулугу боюнча милдеттүү медициналык комиссиядан санарип форматта өтүп, маалымкатты электрондук түрдө ала алышат, аны менен кагаз маалымкаттарды айдоочуларды каттоо органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду.

Комиссиядан өтүү жыйынтыктары автоматтык түрдө тиешелүү маалыматтык системаларга жөнөтүлүп, бул ачык-айкындуулукту, отчеттуулукту камсыз кылат жана жасалмалуулуктан коргойт.

Онлайн кызмат «Түндүк» мамлекеттик электрондук кызматтар порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү.