УКМК жүргүзгөн тергөө иштеринин алкагында, Жазаларды аткаруу кызматынын ЖК-27 колониясында 6 жылга эркинен ажыратылган 1984-жылы туулган жаранга карата кайрадан кылмыш иши козголду. Ал буга чейин массалык баш аламандыкка жана кастыкты козутууга байланыштуу беренелер менен соттолгон.
Маалыматка ылайык, ал 2025-жылдын январынан тарта “Алып Качар Салып Качар” деген фейк аккаунт аркылуу социалдык тармактарда провокациялык чакырыктарды системалуу түрдө жайылтып, бийликти күч менен басып алууга үгүттөгөн.
2025-жылдын 2-июнунда УКМК тарабынан ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык баш аламандыкка чакыруу”) жана 327-беренесинин 2-бөлүгү (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу”) боюнча айып тагылды.
Ал жазасын өтөп жатып “Temirov Live” долбоору менен байланышта болуп, абактагы жагдай боюнча маалымат берип турганы дагы белгилүү болду.
УКМК чагымчыл материалдарды тараткан жарандар Кылмыш-жаза кодексине ылайык жазага тартыларын эскертет.