Жаңылыктар
Ошто турак үй өрттөнүп, бир жаран жабыркады
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто турак үй өрттөнүп, бир жаран жабыркады

Бүгүн Ош шаарында турак үйдөн өрт чыгып, бир жаран жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 13:53тө Ош шаардык №12 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 14:08де 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган.

Өрт саат 16:12де толук өчүрүлгөн. Анын кесепетинен 64 жаштагы эркек кишинин бети менен колу күйгөн. Учурда абалы туруктуу. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.