Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев транспорт министринин ишин катуу сындап, акыркы эскертүү берди
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев транспорт министринин ишин катуу сындап, акыркы эскертүү берди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Ысык-Көлдөгү гарнизондук бөлүштүрүү иш-чарасында Көл кылаасында оңдолуп жаткан жолдордун өз мөөнөтүндө толук бүтпөгөнү үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишин катуу сынга алды. 

Ошондой эле министр Абсаттар Сыргабаевге дагы бир айлык мөөнөт чектеп, акыркы эскертүү берди: "Жолдор толук бүткөн эмес, демек 1-июнга чейин деп белгиленген тапшырма аткарылбаган. Эми сизге акыркы жолу эскертүү берем, 1-июлга чейин бардык тапшырмалар аткарылышы керек. Эгер аткарылбаса анда сиз боюнча президентке өз сунушумду берем", - деди Камчыбек Ташиев.