Жаңылыктар
Бишкек–Нарын жолундагы кырсык: 22 жаштагы айдоочу каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек–Нарын жолундагы кырсык: 22 жаштагы айдоочу каза болду

1-июнь күнү болжол менен саат 17:15 чамасында Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунда оор жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Chevrolet Spark үлгүсүндөгү жеңил унаанын 22 жаштагы айдоочусу жолдун карама-каршы тилкесинде келе жаткан МАЗ оор жүк ташуучу унаасы менен кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу Кемин райондук аймактык ооруканасында алган жаракатынан улам көз жумган. Унаадагы 47 жаштагы жүргүнчү Кемин райондук ооруканасына жаткырылган.

Учурда жол кырсыгынын себептери боюнча тийиштүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.