Жаңылыктар
УКМК: “Майкампа” компаниясынын 49% үлүшү мамлекетке кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: “Майкампа” компаниясынын 49% үлүшү мамлекетке кайтарылды

Бишкек шаарындагы «Майкампа» ЖЧКсынын уюштуруучулары аталган компаниянын 49 пайыз үлүшүн мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарып беришти. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул чечим УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында кабыл алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Кулатов көчөсү 1 дарегинде жайгашкан мурдагы «Майкампа – Бишкек өндүрүш-сатуу маслосырбаза» ачык акционердик коомуна (азыркы «Майкампа» ЖЧКсы) тиешелүү мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө мыйзам бузуулар болгондугу аныкталган.

1991–2000-жылдары мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү процессинде аталган ишкананын үлүштөрү мыйзамдарды бузуу менен жеке тараптардын ээлигине өтүп кеткен. Тергөөнүн жүрүшүндө компаниянын уюштуруучулары мыйзам бузууларды моюнга алып, өз ыктыяры менен 49% үлүштү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп беришти.

Учурда иликтөө жана тиешелүү тергөө иштери улантылууда.