Нарын облусу боюнча өткөн жылы 11 миң 340 балага “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу үчүн 291 миллион 270 миң сом төлөнүп берилген. Бул сумма мурдакы жылга салыштырганда 60 миллион 207 миң сомго төмөндөп, жөлөк пул алуучу балдардын саны 4 миң 86га азайган. Адистер буга мамлекет тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көрүлүп жаткан камкордук себеп болгонун айтууда.
“Социалдык келишим” долбоору 2022-жылы башталган. Үч жыл аралыгында дубандан 1 миң 997 үй-бүлөгө каржылоо жүргүзүлүп, жөлөк пулдан 10 миллион 720 миң сом каражат үнөмдөлгөн. Келишим түзгөн үй-бүлөдө 6 миң 339 бала жашайт, ал эми долбоор жалпы 11 миң 566 адамды камтыды. Ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүнөн тышкары кошумча 210 жумуш орду түзүлгөн.
Алсак, өткөн жылы 1 миң 160 аз-камсыз үй-бүлө социалдык келишим түзгөн. Мындан тышкары, ушул эле программанын алкагында Дүйнөлүк Банктын “Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чындоо” долбоорунун алкагында 185 аз-камсыз үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүлүп, аларга 185 миллион сом берилген. Мамлекет тарабынан жардам алгандардын 70,3 пайызы мал чарбачылыгы, 15,3 пайызы өндүрүш, 8,3 пайызы кызмат көрсөтүү, 4,9 пайызы соода-сатык менен алектенет.
Ошондой эле жумуш ордун түзүп, ишкердигин кеңейткен 11 социалдык жардам алуучуга 2024-жылы “Элдик банк” жана “Айыл банк” аркылуу 2 миллион 100 миң сом пайызсыз насыялар берилген.
Быйыл “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилип жардам берүүнүн суммасы 150 миң сомго көбөйүп, облуста болжол менен 700 үй-бүлө менен келишим түзүү мерчемделүүдө.