"Ынтымак Ордодо" бүгүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү.
Ага уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, тармактык министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, спорт федерацияларынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында негизинен оюндарды өткөрүүнүн так күнүн аныктоо, жайгашкан жерлерди тандоо, ошондой эле маданий-спорттук программанын концепциясын иштеп чыгуу сыяктуу уюштуруу маселелери талкууланды. Негизги иш-чаралар Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда өтөөрү пландалууда.
Жыйын жүрүшүндө иш-чаранын мазмундуу бөлүгүнө, уюмдун жогорку деңгээлин камсыздоо үчүн инновациялык чечимдерди жана заманбап технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, инфраструктуралык даярдык, транспорттук логистика, катышуучулардын жана коноктордун коопсуздугун камсыздоо, маалыматтык коштоо, эл аралык кызматташуу жана волонтерлорду тартуу маселелери каралды. Акырында тийиштүү мамлекеттик органдарга план-иш-чараларды актуалдаштыруу, бюджетти түзүү жана оюндарды эл аралык аренада илгерилетүү концепциясын иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – көчмөн цивилизациянын маданиятын жандандыруу, сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандын эл аралык долбоору. Оюн 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда, 2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда өткөн. Эки жылда бир болчу бул оюн эми 2026-жылы кайрадан Кыргызстанда өткөнү турат.