Быйыл 8-июндан тарта Казакстан аркылуу транзит менен Кыргызстанга жүк ташуу арзандайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.
“Казакстан темир жолу” ишканасынын буйругуна ылайык, дан жүгүн ташуу - 55 пайызга чейин, мунайзат ташуу - 20 пайыз, башка жүктүн түрүн ташуу - 50 пайызга чейин төмөндөйт.
Быйыл апрель айында эки тарап жүктү Казакстан аркылуу Кыргызстанга транзит менен ташууда тарифтерди төмөндөтүү маселеси боюнча макулдашууга жетишкен.