Жаңылыктар
ТИМ АКШдагы кыргыз жарандарын миграциялык мыйзамдарды так сактоого чакырды
Кыргызстан жаңылыктары
ТИМ АКШдагы кыргыз жарандарын миграциялык мыйзамдарды так сактоого чакырды

АКШда жүргөн жана бул өлкөгө барууну пландап жаткан Кыргызстандын жарандары ал жактын миграциялык мыйзамдарын так сактоосу зарыл. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен эскертишти. Кыргызстандын жарандары АКШга мыйзамдуу жол менен кирип, бирок уруксат берилген мөөнөт бүткөндөн кийин өлкөдөн чыкпаса, алар бул өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын автоматтык түрдө бузган болуп эсептелет. 

Мындай адамдар АКШнын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан кармалуусу, ири өлчөмдөгү айып пулга жыгылуусу, узак мөөнөткө эркинен ажыратылуусу жана Кошмо штаттарга кирүүгө тыюу салууга кабылуусу мүмкүн. Тышкы иштер министрлиги буга жол бербөө максатында АКШда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктарга аталган өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланууну сунуштады. Айрым учурларда чет өлкөлүк жарандарга өлкөсүнө кайтуу үчүн АКШнын өкмөтү тарабынан каржылык жана башка жардам көрсөтүлүшү мүмкүн. 

Бул мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн СИ-БИ-ПИ ХОУМ тиркемеси аркылуу кирип, каттоодон өтүү зарыл. Эгерде АКШда жүрүүгө байланыштуу кошумча суроолор жаралса, Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине же Чикаго шаарындагы башкы консулдугуна кайрылуу керек.