Жаңылыктар
Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Москвада коопсуздук маселелери боюнча жогорку өкүлдөрдүн XIII жыйынына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Москвада коопсуздук маселелери боюнча жогорку өкүлдөрдүн XIII жыйынына катышты

Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Москва шаарында өткөн коопсуздук маселелерин тескеген жогорку өкүлдөрдүн XIII жыйынына катышты. 27-29-май күндөрү өткөн иш-чарага чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан 126 делегация катышты.

Пленардык жыйындын күн тартибинде Глобалдык Түштүк жана Чыгыш мамлекеттери үчүн азыркы чакырыктардын жана учурда бар мүмкүнчүлүктөрдүн контекстинде бирдей жана бөлүнгүс коопсуздук архитектурасын түзүү маселелери талкууланды.

Бактыбек Бекболотов өз сөзүндө Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттарынын катарына салттуу жана жаңы коркунучтарга каршы туруу боюнча түйүндүү маселелерди чечүүдө өнөктөштөр менен бирдиктүү ыкмаларды табуу, ошондой эле аларга каршы алдын алуу жана жооп кайтаруу чараларын иштеп чыгуу, БУУ менен жигердүү өз ара аракеттенүү жана бул жаатта достош интеграциялык бирикмелердин ар кандай форматтарында иш алып баруу кирерин белгиледи. 

Коопсуздук кеңешинин катчысы белгилегендей, экономикалык жана транспорттук байланыштарды өнүктүрүү, кызматташтыкты чыңдоо, логистикалык каттамдарды жана инфраструктураны жакшыртуу, ар кандай биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана улуттук кызыкчылыктарды алдыга жылдыруучу кадамдарды шайкеш келтирүү аймактык туруктуулукту чыңдоодо маанилүү роль ойнойт. Мамлекеттер аралык кызматташтыктын бардык күч-аракети союздаштыктын, өз ара түшүнүшүүнүн жана колдоонун духунда ыкчам жана макулдашылган аракеттерди курууга багытталууга тийиш.

Иш-чаранын алкагында ШКУ мамлекеттеринин жана КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын бейрасмий көп тараптуу жолугушуулары да өттү. Мындан тышкары, коопсуздук тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Бактыбек Бекболотов бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрдү.