Президент Садыр Жапаров бүгүн “Борбор Азия – Италия” Биринчи саммитинде сөз сүйлөп, Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, анын ичинде гидро жана күн энергетикасы тармагындагы ири долбоорлорго өзгөчө көңүл буруп, “жашыл” долбоорлорду ишке ашыруу үчүн италиялык тажрыйбаны жана технологияларды тартууга кызыкдарлык билдирди.
Ал экологиялык маселелерге токтолуп, Кыргызстан Арал деңизин калыбына келтирүү демилгесине катышууга даяр экенин билдирип, аймактагы бардык мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алуу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.
Президент ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө жана антропогендик таасирге байланыштуу акыркы бир жарым кылымда суунун деңгээли кыйла азайган Ысык-Көлдүн абалына тынчсыздануусун билдирди.
«1854-жылдан бери Ысык-Көлдөгү суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, суу бетинин аянты бир топ кичирейип, көлөмү азайып кеткен. 1950-1960-жылдары көлгө 100-110 куймалар агып кирчү, азыр 30-35 гана. Бул жөн эле статистика эмес, бул Арал деңизинин жок болушуна салыштырууга боло турган катастрофанын коркунучтуу белгиси», - деди мамлекет башчысы.
Ал Италия жана региондун өлкөлөрү менен тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан менен Италиянын Тоолуу аймактар үчүн беш жылдык аракеттерин жарыялоо демилгесин эске салды.
Садыр Жапаров ошондой эле 2027-жылы Бишкекте «Бишкек+25» Экинчи Глобалдык Тоо саммитин өткөрүү планы тууралуу маалымдап, өнөктөштөрдү бул маанилүү иш-чарага катышууга чакырды. Маданий-гуманитардык кызматташтыктын контекстинде президент маданий мекемелердин ортосундагы өнөктөштүк алакаларын өнүктүрүүнүн, алмашуу программаларын, мастер-класстарды жана стажировкаларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.