Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында «Борбор Азия - Италия» саммитине катышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында «Борбор Азия - Италия» саммитине катышууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) Эгемендүүлүк сарайында «Борбор Азия – Италия» биринчи саммитинин жыйынына катышып жатат.

Иш-чаранын алдында Мамлекет башчысын Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Делегация башчылары саламдашуу аземинен жана биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.