Жаңылыктар
Баткенде Ыр майрамга Өзбекстан жана Тажикстандан коноктор келди
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде Ыр майрамга Өзбекстан жана Тажикстандан коноктор келди

Баткенде 30-31-майга белгиленген Эл аралык Ыр майрам старт алды.

Кыргыз-өзбек-тажик элдеринин достугун даңазалаган иш чарага Өзбекстандын Фергана облусунан жана Тажикстандын Худжанд облусунан делегация келди.

Конокторду кыргыз-тажик чек арасынан КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактияр Токсонбаев, Баткен районунун акими Данир Иманалиевдер, кыргыз-өзбек чек арасынан Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулу баштаган жетекчилер жана маданият өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.

Тажикстандын делегациясын Худжанд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасынын орун басары Зайнура Азими,Өзбекстандан Фергана облусунун туризм департаментинин башчысы Дилдора Дадаярова баштаган жетекчилер менен кошо ишкерлер, кол өнөрчүлөр жана ырчы, бийчилер келди.

Коноктор алдыда Баткен облусунун табигатында эс алып, туристтик жарманкеге жана гала концерке катышат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Тажикстандын Худжанд шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үч тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгы менен, үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана Түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюлган.

Баткенде өтүп жаткан Эл аралык Ыр майрам, аталган иш чараны улай, кошуна жашаган кыргыз-өзбек-тажик элдеринин ынтымагын, өз ара ишенимин бекемдөө, жакын кошуналардын карым катнашын чыңдоо, чектеш облустар ортосунда кызматташууну өнүктүрүү максатын көздөйт.