Бүгүн, 30-майда Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар башкармалыгынын башчысы Игорь Маслов башында турган делегация Нарын облусуна иш сапар менен келди.
Сапардын алкагында делегация мүчөлөрү К.Мамбеталиева атындагы тарыхый-этнографиялык музейдеги "AS" галереясында болушуп, музей кызматкерлери Ленинград блокадасынан калган өспүрүмдүн күндөлүгүнүн тарыхы тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле "Манас" эпосунун кыргызча жана орусча үзүндүлөрүн укту. Делегациянын айрым мүчөлөрү «Манас» эпосун орус тилинде биринчи жолу угуп жатышканын айтышты.
Мындан тышкары, сүрөтчү Нурбек Жолбуновдун чий бетине жүндөн, таш бетине чегилип тартылган эмгектери менен таанышып, кыргыз маданияты жана тарыхына арналган көргөзмөлөргө өзгөчө кызыгуу менен баа беришти.
Делегация С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине да барып, "Россотрудничество" коомдук бирикмеси тарабынан белекке берилген Жеңиштин 80 жылдыгына арналган "Согуш хроникасы" Жеңиш музейинин көргөзмөсү менен таанышып, жеңиш алып келүүдөгү теңиртоолук жоокерлердин эрдиги тууралуу маалыматтарды укту. Андан соң ушул эле коомдун колдоосу менен өткөн жылы ачылган орус тилин окутуу борборунун иши менен таанышып, 20 ноутбук белек кылышты. Ошондой эле мындан ары кызматташтыкты чыңдоо тууралуу келишимдерге кол коюшту.
Мындан тышкары В. Чкалов атындагы мектепке барып, окуучулардын даярдаган маданий программасын көрүштү. Мектепке интерактивдүү доска жана 550 аталыштагы окуу китептери тапшырылды. Ошондой эле, "Аял дүйнөнү өзгөртүүчү" сынагынын жеңүүчүсү Сымбат Маадемилова так илимдер боюнча 200 китепке сертификат алды.
Россия делегациясы Кыргызстан менен маданий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары дагы чыңдоого даяр экенин билдиришти.